Бишкекте кафелердин биринен жанынан шаар тургунун карактап кеткендер кармалды

Окуя 24-мартта саат 23:27 чамасында Чүй кең көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишиндеги кафелердин биринин алдында катталган. Анда белгисиз жарандар шаар тургунуна физикалык күч колдонуп, 10 миң сомун жана Redmi 9 А (баасы 17 миң 500 сом) телефонун тартып алышкан.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 207-берене менен катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган.
"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү делинип 1994-жылы туулган Ж.М. жана 1993-жылы туулган К.И. кармалды. Ленин райондук соту тарабынан шектүүлөр 1 айга СИЗО-1ге камакка алынды. Учурда алардын мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу териштирилүүдө", - дешти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.