super.kg logo

Орусияда газды эле эмес, бир нече товарды рубль менен сатуу сунушталды. Кайсы товарлар? (тизме)

 

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин рублга экспорттолуучу орус товарларынын тизмесине жер семирткичтерди, дан эгиндерин, мунай затты, көмүрдү, металлды жана жыгачты киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

"Европалык саясатчылар шылтоо издөөнү токтотушу керек. Европа өлкөлөрүндө товарды рубль менен төлөөгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин өлкө үчүн пайдалуу болгон жерде рублга экспорттолуучу товарлардын тизмесине жер семирткичтерди, дан эгиндерин, мунай, көмүр, металл, жыгач жана башка ушул сыяктууларды кеңейтүү туура болмок", - деген ал.

Украинадагы кырдаалдан улам дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизүүдө. Буга байланыштуу Орусия АКШ баштаган көптөгөн өлкөлөрдү дос эмес өлкөлөрдүн тизмесине киргизген. Кийинчерээк Путин Орусия дос эмес өлкөлөргө газ жеткирүү үчүн төлөмдөрдү рублга которорун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 16 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: