Токмокто жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчисинин орун басары сабалды. Шектүү кармалды
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Мырза Жаманбаевди сабоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Окуя 23-мартта саат 20:30 чамасында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде болгон. Анда шектүү жабырлануучуга кол көтөрүп, денесине залал келтирген. Анын натыйжасында жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Бул факты боюнча “бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, М.А. аттуу 21 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.