super.kg logo
  Саясат  

Нарынбек Исабеков: “Кыргызстанда 9 айда 222 миң кыймылсыз мүлк каттоодон өттү”

 
2013-жылдын 9 ай ичинде 222 миң 462 адам кыймылсыз мүлккө ээ болуу укугун алышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрдагы маалымат жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кадастр департаментинин директору Нарынбек Исабеков билдирди. 
 "9 айдын көрсөткүчтөрүнө таянсак, 222 миң 462 киши кыймылсыз мүлккө ээ болуу укугун алды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 10,7 пайызга көп. Алардын ичинен 55 миң 478 адам кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдерин түзүшкөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 9,6 пайызга көптүк кылат. Кыймылсыз мүлктү 45 миң 108 адам күрөөгө койсо, 2 миң киши ижарага, 14 миң 750 киши белекке, 11 миң 767 жаран мураска берген. 298 атуул турак-жайын алмаштырган",- деди  Исабеков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: