"Катар-2022": ФИФА Дүйнө чемпиондугундагы расмий топту жарыялады
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2022-жылы Катарда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда ойноло турган расмий топту көрсөттү. Мындай маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, топ арабча "саякат" дегенди билдирген Al Rihla деп аталган.
"32 команда. Кыялдарын ишке ашыруу үчүн бир топ", - деп айтылат ФИФАнын билдирүүсүндө.
Дүйнө чемпиондугу 21-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өтөт.
Учурда Дүйнө чемпиондугуна төмөнкү командалар жолдомо алды: Аргентина, Бельгия, Бразилия, Камерун, Канада, Хорватия, Дания, Эквадор, Англия, Франция, Германия, Гана, Иран, Япония, Корея Республикасы, Марокко, Нидерланды, Катар, Польша, Португалия, Сауд Арабиясы, Сенегал, Сербия, Испания, Швейцария жана Тунис.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.