super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Арабиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин бьасма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун катышуучулары саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулаган.

Акылбек Жапаров Сауд Арабиядагы тышкы иштер министри, ханзаада Фейсал бин Фархан Аль Сауддун жакында Кыргыз Республикасына болгон иш сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү берерин белгилеген.

Министрлер кабинетинин төрагасы кошумчалагандай, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин катарына кыргыз-сауд бизнес форумун, кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын III жыйынын өткөрүү, ошондой эле эки өлкө ортосунда туруктуу авиакаттамдарды ачуу кирет.

Ошону менен бирге тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун, көп тараптуу платформаларда жана эл аралык уюмдарда кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: