super.kg logo
  Спорт  

"Катар-2022": Дагы эки улуттук курама команда Дүйнө чемпиондугуна жолдомо утту

 

Түндүк Америка континентинен Мексика менен АКШ 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна жолдомо утту.

АКШнын футбол боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандоо этабынын акыркы оюнунда Коста-Рикага 0:2 эсебинде утулуп калды. Муну менен эки команда тең 25тен упайга ээ болушту. Бирок АКШ голдордун саны боюнча (21:10) алдыда болуп, Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды (Коста-Риканын голдорунун саны - 13:8).

Ал эми Мексика Сальвадор менен кез келип, 2:0 эсебинде жеңип, Катарга жолдомо алды.

Муну менен Катарга бара турган жалпы 32 команданын 29у белгилүү болду. Алар Европадан: Англия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Голландия, Польша, Португалия, Сербия, Франция, Хорватия жана Швейцария;

Азиядан: Иран, Катар, Сауд Арабиясы, Түштүк Корея жана Япония;

Африкадан: Гана, Марокко, Сенегал, Камерун, Тунис;

Түштүк Америкадан: Аргентина, Бразилия, Эквадор, Уругвай;

Түндүк Америкадан: Канада, Мексика жана АКШ.

Дүйнө чемпиондугуна чүчү кулак тартуу аземи 1-апрель күнү Доха шаарында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: