Жети-Өгүз районунун акими: “Саруулуктар облус башчы Эмил Каптагаевди тез арада келишин талап кылышты, бирок Каптагаев келе албай турганын айтты”
Бүгүн, 26-ноябрда Жети-Өгүз районунда митингге чыккан Саруу айылынын тургундары облус башчы Эмил Каптагаевдин тез арада жолугушууга келишин талап кылышты. Бирок Каптагаев башка иштер боюнча жүргөнүн айтып, келе албай турганын билдирди. Муну SUPER.KG порталына Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров билдирди. “Саруулуктар мурунку талаптарынын аткарылышын жана облус башчынын эл алдына келишин талап кылышты. Бирок анын келе албашын уккандан кийин Саруу айылынан жол тособуз деп кетишти”,- деди аким.
Район борборундагы митингге 120дай адам катышканын, анын ичинде 50дөй атчан бар экени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

