Токмокто 9 жаштагы кызга сексуалдык аракет жасоого айыпталган адамга сот өкүмү чыкты
Токмокто 9 жашар кошунасына карата сексуалдык аракетке барууга шектелген жаранга сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-мартта Токмок шаардык сотунун чечими менен шектүү күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылды.
Эскерте кетсек, кылмыш болгон учурда кыз 9 жашта болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, айыпталуучу алгач күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, бирок кийин берген көрсөтмөсүнөн баш тарткан.
Ал соттун чечимине макул эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.