super.kg logo

Түштүк Кореяда асмандан эки машыгуучу учак кагылышты

 

Түштүк Кореяда КТ-1 үлгүсүндөгү эки машыгуучу учак өлкөнүн түштүгүндө кагылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсыктан үч учкуч каза болуп, дагы бирөө оор жаракат алган. Учактар ​​Сеулдан 300 чакырымдай түштүктө жайгашкан Сачондогу күрүч талаасына кулап түшкөн. Кырсык болгон жерге 30дан ашык өрт өчүрүүчү жана куткаруучу жөнөтүлгөн.

Эске салсак, буга чейин Кытайдын түштүк-батышындагы Юньнань провинциясындагы Куньмин Чаншуй аэропортунан учуп чыккан Boeing 737
учагы кулап түшкөн. Учак Кытайдын Гуандун провинциясынын Гуанчжоу шаарына бармак. Бирок учуу учурунда жердеги кызматтардын учак менен байланышы үзүлгөн.
Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Учакта 123 жүргүнчү жана тогуз экипаж мүчөсү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: