Бишкекте унаадан өрт чыкты



Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунун Зеленая көчөсүндө унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Билдирүүгө таянсак, өрттү өчүрүүгө саат 10:15те Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 10:47де толук өчүрүлдү.
Кырсыктын кесепетинен Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.