super.kg logo
  Саясат  

"Бир гана сураныч. Элчиликтерди тынч коюңуздарчы". Садыр Жапаров билдирүү жасады

 
Президент Садыр Жапаров социалдык тармак аркылуу билдирүү жасады.
"Мага жеткен маалыматтар боюнча кандайдыр бир топ эртең акция уюштуруп, Бишкектин көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, элчиликтердин алдына барабыз деген ниеттерин билдиришиптир.
Ар бир ниеттин же кадамдардын чеги болот.
Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө жарым келип, эшигин каккылап, баш аламандык кылганга акысы жок. Албетте, биз демократия багытынан кайтпайбыз. Жарандарыбыздын оозун тыйбайбыз. Укугун чектебейбиз. Митингдер сөзсүз болуш керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңүздөрдү, пикириңерди айтыңыздар. Эч ким каршы эмес. Бир гана сураныч. Элчиликтерди тынч коюңуздарчы", - дейт ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 17 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: