super.kg logo

Тажикстандын президенти элди эки жылга жеткидей азык-түлүк камдап алууга чакырды

 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ыйык Рамазан айынын башталышына байланыштуу мекендештерине кайрылып, учурдагы дүйнөлүк кырдаал дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде Тажикстанда экономикалык жана социалдык абалга олуттуу таасирин тийгизип жатканын айтты. Ошондуктан жарандар эки жылга жете турган азык-түлүк камдап алуусу керектигин билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Эмомали Рахмон быйылкы жыл бардык жагынан жана баарынан мурда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда адамзат үчүн эң оор болорун айткан.

"Мындай шартта биримдикте болуп, кыйын учурда бири-бирибизди колдоп, дүрбөлөңгө түшпөй, сарамжалдуу, кыраакы болуу зарыл", - деген Рахмон.

Ошондой эле ал дүйнөдө саясий, аскерий, экономикалык жана социалдык кырдаал өтө курчуп, кризис болуп турган шарттарда талыкпай иштөө маанилүү экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: