super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт жооп берет: Балама жөлөк пул чыгарта аламбы?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Cуроо: - Мен мурда мамлекеттик жумушта иштечүмүн. Алган маянамдан 2568 сом кармап калышчу эле. Учурда 1 жаштагы балам менен үйдөмүн. Жолдошум жок. Сурайын дегеним, балама жөлөк пул ала аламбы? Эгер ала алсам, анда кайда кайрылышым керек? Суроо калтырган God_Zmei

Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрынын «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» № 318-мыйзамына ылайык, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү киреше өлчөмүнөн (2013-жылдын 1-ноябрынан тарта 640 сом) ашпаган учурда дайындалат. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө дайындалат:
- бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү жөлөк пул - кепилденген эң төмөнкү кирешенин 300 пайызы өлчөмүндө;
- үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул - кепилденген эң төмөнкү кирешенин 100 пайызы өлчөмүндө.

Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдарды дайындоого арыз төмөнкүлөргө берилет:
- шаарларда – жарандардын жашаган (катталган) жери боюнча социалдык жактан коргоо органдарына;
- айыл жерлеринде – жарандардын жашаган (катталган) жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айыл өкмөттөрүнө.

Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин ММКлар менен иштөө боюнча адиси Кымбат Кадыралиева жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: