super.kg logo

Орусиядагы базага тик учактардын сокку уруусу: Володимир Зеленський бул боюнча пикирин айтты

 

Орусиянын Белгород шаарындагы нефтебазага тик учактардын сокку уруусу Украинада талкууланбайт. Бул тууралуу Украинанын президенти Володимир Зеленський америкалык Fox News телеканалына берген маегинде айткан.

"Кечиресиз, мен мамлекеттин башчысы, башкы командачы катары эч кандай буйруктарымды талкуулабайм. Мен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мүчөлөрү менен гана сүйлөшүүдө бөлүшө турган нерселер бар", - деген Зеленський.

Украинанын эки тик учагы 1-апрелдин таңында Белгороддогу мунай базасына сокку урган. Жыйынтыгында нефтебазада өрт чыгып, аны саат 22:00дөн кийин гана өчүрүүгө мүмкүн болгон.

Тик учактар ​​Орусиянын аймагына өтө төмөн бийиктикте киргени, ушундан улам абадан коргонуу системалары тарабынан байкалбай калганы белгилүү болду. Бул окуя тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путинге маалымат берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: