Орус аскерлери басып алган Чернобылда Украинанын желеги көтөрүлдү
Орусиянын аскерлери басып алган Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясында Украинанын желеги көтөрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Чернобылда Украинанын желеги бүгүн, 2-апрелде көтөрүлгөн. Аны атомдук электр станциясынын ыкчам кызматкерлери көтөргөн.
Ошондой эле үч орус колоннасы Славутич шаарынан чыгып, Беларусь тарапка багыт алганы, аскер кызматчыларынын бир бөлүгү дагы эле Чернобылдагы атомдук электр станциясында экени белгиленген.
Чернобылды орус аскерлери 24-февралда басып алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.