super.kg logo

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 4 миллион сом айыпка жыгылды

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ал күнөөлүү деп табылып, 4 миллион сом айыпка жыгылган. Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Абдил Сегизбаевдин онкологиялык оорусу бар экени белгилүү болуп, ал медициналык текшерүүдөн өтүшү керек болчу.

Сегизбаев УКМКны 2016-2018-жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген. Ал "Белизгейт" окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) негизинде быйыл январда кармалган. Камакка алынардын алдында өзүнө карата козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: