super.kg logo

"Эч ким тирүү калбайт". Рамзан Кадыров Мариуполдогу заводго чечен аскерлери чабуул жасап жатканын жарыялады (видео)

 

Ахмат-Хаджи Кадыров атындагы полктун жоокерлери (Орусия гвардиясынын курамына кирген) Мариуполдогу заводго чабуул жасай башташты. Бул тууралуу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Телеграм каналына жазды.

Анын айтымында, операцияны полктун командири Замид Чалаев жетектөөдө.

"Мен коюлган тапшырма аткарыларынан күмөн санабайм. Ооба, бул кыйын, бирок аткарууга болот. Донбасста карапайым элге көп жылдар бою жасалган кордуктун жообун берүүгө убакыт келди. Эч ким тирүү калбайт", - деп жазды Кадыров Телеграм каналына.

16-мартта Кадыров Чеченстандын атайын күчтөрү Мариуполдогу "Азовсталь" металлургиялык заводуна чабуул жасай турганын билдирген. Анын айтымында, азыр "Азовсталь" металлургиялык заводунда украин улутчул топтору жашынып турат.






Кадыров Мариуполдогу заводго чабуул башталганын жарыялады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: