super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абадда “Жаштар кылмыштуулукка каршы” деген аталыштагы акция болуп өттү (фоторепортаж)

 
Жалал-Абад облусунда өткөн “Жаштар кылмыштуулукка каршы” деген аталыштагы акциядан көрүнүш
Жалал-Абад облусунда өткөн “Жаштар кылмыштуулукка каршы” деген аталыштагы акциядан көрүнүш
Жалал-Абад облусунда өткөн “Жаштар кылмыштуулукка каршы” деген аталыштагы акциядан көрүнүш
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан 23-ноябрда «Мекеним менин — Кыргызстан!» аттуу чоң профилактикалык иш-чаралардын негизинде «Жаштар кылмыштуулукка каршы» деген аталышта акция уюштурулду. Бул тууралуу 26-ноябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка караганда, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 700гө жакын студенти Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылынан 10 чакырым алыстыктагы адырдагы ок атуучу полигонго чейин саптык салтанаттуу жүрүш жасап, чуркап өтүштү. Жүрүш шаңдуу ырлар менен коштолду. 
Бул иш-чарага жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катышты. 
Биринчилерден болуп чуркап келгендерге жана окту мыкты аткандарга 5 номинация боюнча дипломдор, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер Жалал-Абад ОИИБи тарабынан тапшырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: