super.kg logo

Токмоктогу метан куюучу жайда мындан ары кезек күтүү болбойт

 

«Газпром Кыргызстан» компаниясы Токмок шаарынын четинде жайгашкан метан куюучу жайын толук реконструкциядан өткөрдү. Жыйынтыгында станциянын кубаттуулугу эки эсеге жогорулайт - мындан ары бир эле учурда 6 машинага метан куйса болот жана анын ылдамдыгы мурункуга караганда үч эсеге жогорулатылды. Бул жай жана күз мезгилиндеги чегине жеткен жумуш убактысында кезек күтүү маселесин чечкенге жардам бермекчи.

Эмнелер курулат жана жаңыртылат:

  • 32 жылдан бери иштетилип келе жаткан жабдуулар жаңыртылат. Бул газдын басымын кысуу жана коё берүү ылдамдыгын 3 эсеге жогорулатат. Компрессордук орнотмолор саатына 2000 куб өлчөмүндөгү газдын басымын кысат.
  • эки түтүктүү метан куюучу 3 колонкалары курулат. Жыйынтыгында 6 машина бир эле учурда метан куюу мүмкүнчүлүгүн алат;
  • метанды коё берүү автоматташтырылат. Газды эсепке алуу боюнча жаңы система орнотулду.
  • автоматтык түрдө кургатуучу тутуму орнотулат. Бул газдын сапатын жогорулатууга жардам берет – автомобилдин кубаттуулугу, кыймылдаткычтын иштөө мөөнөтү жогорулайт жана чыгым азаят.

Метан менен жылына 50 000 сомго чейинки каражатты үнөмдөсө болот

Төмөнкү таблицада метанга өткөн айдоочу канча каражат үнөмдөй ала тургандыгы боюнча эсептөөлөр көрсөтүлгөн. Метан 92 бензинден 2,4 эсеге арзан: 100 чакырымга чыгымы 10 литрди түзгөн унаанын айдоочусу (күнүгө 33 чакырым жүрсө) жылына 47 725 сом каражат үнөмдөй алат.
Дагы кайсы жерде «Газпром Кыргызстан» компаниясынын май куюучу жайлары бар

  1. Бишкек, Костанай, 121 а., Кудайберген базарынын аймагы
  2. Ленинское айылы, Алма-Ата 1/2
  3. Васильев тракт көчөсүндөгү Достук айылы, Пригород айылынын ылдыйкы жагы
  4. Кара-Балта шаары, Сосновка тарапка бурулган жолдо

Метан тууралуу 3 кызыктуу факт

  1. Метандын октан саны – 105.
  2. Метан – автомобиль отундарынын ичинен экологиялык эң таза отун болуп саналат. Бөлүнүп чыккан газдын курамында көө жана күкүрт кошулмалары жок. Бул абанын булганышын 9 эсеге азайтат.
  3. Метан бензин же дизелге караганда көмүр кычкыл газын 30%га төмөн бөлүп чыгарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: