super.kg logo

Ош шаарындагы мечиттерде уурулук кылып жүргөн адам кармалды

 

Ош шаарындагы мечиттерде уурулук кылып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 27 жаштагы тургуну кармалган. Ал Ош шаарына келип, мечиттерге намаз окуганы келген жарандардын алаксып калгандыгынан пайдаланып, алардын телефон, акчаларын, сумкаларын уурдап жүргөн.

Бүгүнкү күндө жабырлануучулардын саны 20га жакын. Кармалган жаран уурдалган буюмдарын арзан баада соодагерлерге өткөрүп берип турган.

3-апрель күнү шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү тергөө иштери башталган.

Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда шектүү буга чейин Бишкек шаарында дагы ушундай кылмышы үчүн соттолуп чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: