Каракол шаардык соту мыйзамсыз курулушту баштаган “ШНОС” май куюучу жайына 20 миң сом айып пул салды
Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик
инспекциясынын аймактык башкармалыгы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы
Токтогул жана Торгоев көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан май куюучу жайды
текшерген.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынын 26-ноябрда берген маалыматына ылайык, “ШНОС”
май куюучу жайы уруксаты жок курулушту баштаган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш
токтотулуп, Каракол шаардык соту курулуш ишиндеги эреже бузууларды жок кылуу
менен 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

