super.kg logo

Бишкекте сүннөткө отургузган бала каза болду

 

Бишкекте 7 жашар бала сүннөткө отургузгандан кийин каза болуп калды. Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, окуя 2-апрелде орун алган.

Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлерине №3 балдар ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда оорукананын хирургия бөлүмүндө бала каза болгондугу маалымдалган. Жерине ыкчам тергөө тобу барганда төмөнкүлөр аныкталган.

"Улуттук госпиталдын дарыгери К.Т. 2015-жылы туулган Ш.А. аттуу балага жергиликтүү наркоздон берип сүннөткө отургузган. Андан кийин эле 7 жаштагы бала №3 балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө "Платтер синдрому, катуу жарааттан кан кетүү" диагнозу менен жеткирилип, эсине келбей каза болгон.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: