Netflix Уилл Смит тартылып жаткан тасманы токтотту
Netflix америкалык белгилүү актёр Уилл Смит тартылып жаткан тасманы тартуу иштерин токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде Уилл Смит алып баруучу Крис Рокту чаап жиберген окуядан кийин Netflix кинокомпаниясы актёр тартылып жаткан тасманы токтотуу чечимин кабыл алган.
Ошондой эле тасманын режиссёру да бул долбоордон баш тартканы айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде Крис Рок Уилл Смиттин жубайынын чачы тууралуу тамашалаганда, Смит ордунан туруп келип аны чаап жиберген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.