super.kg logo

"Альянс Алтын" ААКсынын профсоюзу жамааттык келишимге ылайык алгачкы төлөмдөрдү жүргүздү

 

"Альянс Алтын» ААКсынын профсоюзу жамааттык келишимге ылайык алгачкы төлөмдөрдү жүргүздү.

Келишимде ишкананын кызматкерлеринин жакын туугандарын акыркы сапарга узатуу үчүн 10 миң сом өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөө каралган. Бүгүнкү күндө жалпы суммасы 110 миң сомду түзгөн төлөмдү 11 адам алды.

Ошондой эле келишимде 50, 55, 60 жана 65 жаштагы кызматкерлерге (компанияда 5 жылдан аз эмес стажысы бар) бир жолку 5 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөө каралган. Ага ылайык, жалпы 20 миң сомду түзгөн акча каражатын 4 кызматкер колуна алды.

Мындан тышкары ишкананын кызматкеринин никеге турганына карата 5 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөм каралган. Аталган жөлөк пулду 3 адам алды.

Дагы 9 кызматкер бала төрөлгөнүнө байланыштуу 3000 сомдон бир жолку жөлөк пул алышкан. Төлөмдүн жалпы суммасы 27 миң сомду түздү.

Белгилей кетсек, жамааттык келишимге 2021-жылдын сентябрь айында «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов менен профсоюз комитетинин төрагасы Кубат Болотканов кол коюшкан. Келишим профсоюз мүчөлөрүнүн бардык сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толук жооп берет. Анын максаты - компаниянын кызматкерлерине жумуш үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: