super.kg logo

Казак кримтөбөлү Дикий Армандын камактагы мөөнөтү узартылды

 

Казакстанда январь айындагы баш аламандыкта кармалган Дикий Арман деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Казак басылмаларынын маалыматына караганда, Алматы шаардык соту Жумагелдиевди кармоо мөөнөтүн 7-июнга чейин узартты.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, Жумагелдиев 3 берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү; массалык баш аламандыкка катышуу; адамды эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келүү) боюнча шектелүүдө.

Белгилей кетсек, Арман Жумагелдиев 7-январда Казакстанда кармалган. Андан кийин ал кыргыз модели Айкөл Аликжанованын жолдошу экендиги айтылган. Кийинчерээк ал абактан качып кетти деген маалыматтар тараган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: