super.kg logo

Чет элдик блогер дээрлик 110 килограммга арыктап, интернет колдонуучуларын таң калтырды

 

Чет элдик белгилүү блогер София Броян 110 килограммга арыктап, жаңы образы менен катталуучуларын таң калтырды.

Анын социалдык тармактагы баракчасында 2 миллиондон ашуун катталуучусу бар. Ал тамашалуу видео роликтерди тартып көпчүлүккө таанылган. Эми анын кантип арыктаганы интернет колдонуучуларын таң калтырууда. Мындан улам блогер айым 110 килограммга арыктаган соң сезимдерин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айтып берди.

Айтымында, буга чейин анын салмагы 180 килограмм болгон.

"Мен болгону кубанычым менен бөлүшкүм келди. Баарына болбосо да айрым адамдар үчүн кандайдыр бир шыктануу беришим мүмкүн. Ар бир адамдын жашоосу өз колунда, кандай гана болбосун ар дайым эң мыкты болууга аракет кылгыла. Канчалык оор болбосун аягына чейин күрөшкүлө. Кыялыңарга жетүү үчүн күн сайын бир кадамдан болсо да алдыга жылгыла.

Азыркы сүрөттөрүмдү көрүп чын эле өзүм экениме ишене албай келем. Дагы деле түш сыяктуу сезилет. Өзүмдүн азыркы келбетимди кабыл алуу арыктоодон да оор болду десем болот", - деп жазган ал.

Ошондой эле блогердин айтымында, 110 килограммга арыктагандан кийин операция аркылуу 5 килограмм терисин алдырган.

"Салмак дээрлик 185 килограмм болуп, керек болсо кинотеатрдын отургучуна батпай калган адам арыктаган күндө да анын ашыкча териси өзүнөн өзү кетпейт. Буга эч кандай спорт, массаж жардам бербейт. Бир гана жолу операция", - деп жазган София Броян.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: