super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин эки комитети башкы прокурордун баяндамасын кабыл алышты

 

Жогорку Кеңештин эки комитети башкы прокурордун 2021-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндөгү жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалыматы талкууланды.

Жыйында баяндама жасаган башкы прокурор Курманкул Зулушев 2021-жылы Башкы прокуратуранын демилгеси менен жазык жана жазык-процесстик мыйзамдар чөйрөсүнө тиешелүү бир катар кодекстер иштелип чыкканын, алар 2021-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө киргенин белгиледи. Курманкул Зулушевдин айтымында, бул кодекстер кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө маселелери боюнча ыкчам чараларды көрүүгө мүмкүндүк берүүдө. Маалым болгондой, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле ишмердүүлүгү мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекеме-уюмдар тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктардын алкагында 7565 текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 16700 мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Жыйынтыгында комитеттер башкы прокурордун баяндамасын кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: