super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов эл аралык Кызыл Крест комитетинин президенти менен ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулады

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жумушчу сапары менен Женева шаарында жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары эл аралык Кызыл Крест комитетинин президенти Питер Маурер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы жана эл аралык Кызыл Крест Комитетинин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Тактап айтканда, эл аралык гуманитардык укук, өзгөчө кырдаалдар, пенитенциардык тутум жаатында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.

Мындан тышкары, Эдил Байсалов Бириккен улуттар уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы Ольга Алгаерова менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, биздин республика БУУ ЕЭК менен туруктуу өнүгүү, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү жана адам укуктарын сактоо багыттары боюнча кызматташууну чыңдоого кызыкдар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: