Нуржигит Кадырбеков: "Кумтөр" Кыргыз мамлекетине толугу менен өттү. Чоң жоопкерчилик пайда болду"
Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков "Кумтөр" боюнча маселе көтөрдү.
"Президентибиз "Кумтөр" Кыргыз мамлекетине толугу менен өттү деп кабарлады. Куттуу болсун, сүйүнөлү. Бирок кыргыздын "туулганына эмес, турганына сүйүн деген" сөзү бар. Чоң жоопкерчилик пайда болду. Бизге канадалыктар, "Центерра" таба кылып, күлбөгүдөй кылып сапаттуу өнүктүрүү моюнга жүктөлдү. Тенгиз Бөлтүрүктөн суранат элем. Ушул багытта иштесин. Бул намыс иши болуп калды. Бул үчүн катуу иштеш керек", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
8

