super.kg logo

Ошто баңгизат менен кармалган подполковник эки айга камалды

 

Ошто баңгизат менен кармалган подполковник эки айга камалды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-апрелде баңгизат менен кармалган Ош ШИИБинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги А.У.К. аттуу адамдын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралган. Анын жыйынтыгында сот аны 28-майына чейин абакта кармоо чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Ош ШИИБинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, А.У.К. аттуу милициянын подполковниги жана Т.у.А. аттуу Милициянын кайгуул кызматынын кенже инспектору кармалган.

Подполковник тергөө учурунда абакта кармала турган болсо, Милициянын кайгуул кызматынын кенже инспектору аталган иш боюнча күбө катары өтүп жатканы кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: