super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште Шайлообек Атазов ант берди

 

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңеште Шайлообек Атазов ант берди. Ага бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы мандат тапшырды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов анын ишине ийгиликтерди каалады.

Ал Свердлов райондук округунан депутат болуп шайланды.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкектин Свердлов округунда өткөн кайра шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев “добуш сатып алган” деген жүйө менен четтетилген.

Буга нааразы болгон талапкер администрациялык сотко БШКнын чечимине каршы даттанган. Бирок сот анын арызын канааттандырган эмес. Кийинчерээк талапкер Жогорку Сотко даттанып, ал дагы талапкердин арызын четке каккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: