super.kg logo

Бишкектеги кафелердин биринен 100 миң сомдон ашык акча уурдалды. Шектүүлөр кармалды

 

Бишкектеги кафелердин биринде 100 миң сомдон ашык акча уурдалды. Октябрь РИИБинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө кылмышка шектүүлөр колго түшүрүлдү.

Белгилүү болгондой, окуя 4-мартка караган түнү Медеров көчөсүндөгү кафелердин биринде орун алган. Анда белгисиз адамдар кафеге мыйзамсыз кирип, 123 миң 300 сом жана 7 миң сомдук телефонду уурдап кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене менен катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

"Ыкчам тергөө иштеринин алкагында, шектүү делинип 1992-жылы туулган Т.А. жана 1996-жылы туулган А.У. кармалды. Октябрь райондук соту тарабынан шектүүлөрдү 2 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкты. Учурда тергөо иштери улантылып, жогорудагы адамдардын мындан башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар же жогун аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: