Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы менен куттуктады
Өлкө башчы Садыр Жапаров коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мындай маалымат Казакстан президентинин расмий сайтына жарыяланды.
Президенттер сүйлөшүүсүндө соода-экономикалык кызматташтыкты жана эл аралык аренада өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө басым жасоо, ошондой эле кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашкан.
Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Садыр Жапаровду "Кумтөр" алтын кенинин статусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы менен куттуктаган.
Мындан тышкары президенттер Рамазан айынын башталышы менен куттукташышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
2

