super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Мурдагы бийлик өлкөнүн келечегинин образын сунуштай алган жок"

 
7-декбарда Экономикалык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи отуруму болуп, анда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков, бир катар министрлер, фракция лидерлери катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн төрага Асылбек Жээнбеков Кыргызстандын өткөн тарыхына жана келечегине токтолду. "Кыргызстандын коомчулугуна 20 жылдан ашуун мамлекетибиздин эртеңкиси бүдөмүк калып, өлкөбүздүн келечеги белгисиз болуп келди. Мурдагы бийлик өлкөнүн келечегинин образын сунуштай алган жок. Жарандарыбыз өз өлкөсүнүн келечегин көрө албагандыктан, башка мамлекетке көчүп кетүүгө же бийликке каршы күрөшүүгө мажбур болду. Биз дагы объективдүү себептер менен учурдун көйгөйлөрү менен көбүрөөк алпурушуп, келечек менен иштөөнү көз жаздымда калтырып келдик. Ошондуктан өлкөбүздүн жаркын маанайдагы ишенимдүү келечегин жаратуу, мамлекетибиз бир, эки, үч, беш жылдан кийин кантип өзгөрөрүн көрсөтүү, бул ыкчам өзгөрүп жаткан дүйнөдө өз ордубузду аныктоо – өтө актуалдуу маселе",- деди Асылбек Жээнбеков.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: