Депутат темир жолду менчиктеп алган адамга башкы прокурор чара көрүүсүн талап кылды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов темир жолду менчиктеп алган адамга башкы прокуратура чара көрүүсүн талап кылды.
“Кызыл-Кыя шаарынын тургундары кайрылды, ал шаарда музыкалык мектеп бар экен, аны баш аламандык учурда мурда бирөө менчиктеп алган экен. Ал адам Шахта башкармалыгынын жетекчиси Махаматжан Шарафуддинов деген адам экен. Ушул эле адам Кызыл-Кыя шаарындагы темир жолдун бир бөлүгүн менчиктеп алыптыр. Ушул ишти текшерип, мыйзамсыз алган болсо элге кайтарып берсеңиздер”, - деди депутат.
Башкы прокурор депутат тийиштүү документтерди берсе дароо карап баштоого даярдыгын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

