Чүйдө курал-жарактар табылган жайдан Казакстанга таандык сим-карталар алынды




Чүй облусунда курал-жарактар сакталган жай аныкталды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, 4-апрелде чек арачылар менен коопсуздук комитеттин кызматкерлери курал-жарактарды табышкан.
Анда аңчылык үчүн сайсыз мылтык, газ-травматикалык тапанча, үн чыгаруучу граната, ошондой эле автомат жана тапанча үчүн 7,62 калибрдеги ок-дары, 16-калибрдеги аңчылык гильзалары, порошок, ок, ошондой эле казакстандык Beeline компаниясына таандык эки сим-карта алынган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, табылган курал-жарак жана ок-дарылар кылмыш жасоо үчүн даярдалган. Курал-жарактын келип чыгышы жана жашыруун жайларды уюштурган адамдар аныкталат", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.