super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: Карим Бенземанын хет-триги жана "Бавариянын" күтүлбөгөн жеңилүүсү

 

Бүгүн, 7-апрелге караган түнү Лондондо Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын биринчи оюнунда "Челси" "Реал Мадрид" клубуна 1:3 эсебинде утулуп калды.

Мадриддик клубдан үч голду тең француз чабуулчусу Карим Бензема киргизди. Биринчи бөлүктө Бензема үч мүнөттө дубль жаратты. Чабуулчу үчүнчү голду экинчи бөлүктүн 46-мүнөтүндө киргизди.

Ал эми "Челси" клубунан 40-мүнөттө Кай Хаверц гол жаратты.

Бул хет-трик Бензема үчүн Чемпиондор Лигасында катары менен экинчи болду. Буга чейин турнирдин 1/8 финалында франциялык "ПСЖ" менен болгон жооптук оюнда да үч гол киргизген. Муну менен Бензема Чемпиондор Лигасынын тарыхында эки плей-офф беттешинде катары менен хет-трик жасаган экинчи футболчу болду. Ушундай эле жетишкендик Криштиану Роналдуга таандык.

Параллель оюнда испаниялык "Вильярреал" өз талаасында минималдуу эсеп менен оюндун фаворити катары саналган "Бавария" клубун жеңип алды. Жалгыз гол биринчи беттештин башында киргизилди.

Бул беттештердин жооптук оюндары 13-апрелде өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: