super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш башкы прокурордун отчётун канааттандырарлык деп тапты

 

Кечээ, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Башкы прокурордун 2021-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндөгү отчётун канааттандырарлык деп табышты. Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Аталган маселе боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушев баяндама жасады.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар өлкөдөгү мыйзам бузуу фактыларына көңүл буруп, прокуратура органдарынын жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өз сунуштарын айтышты. Ошондой эле парламентарийлер мыйзамдарды колдонууда адилеттүүлүк принциптерин сактоо зарылдыгын баса белгилешти.

Ошондой эле депутаттар прокуратура органдарынын негизги күч-аракети коррупция менен күрөшүүгө, укуктарды жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды сактоого, мыйзамдуулукту камсыздоого, бизнести жана ишкерликти коргоого, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталышы керектигин белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: