super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров "Ата-Бейитке" барып Апрель окуясында курман болгондорду эскерди (фото)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясында курман болгон баатырлардын элесин эскерди. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, куран окулду.

Андан соң чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитинде куран окулду.

Иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык Соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: