Казакстандык дасыккан уурулар Бишкекте жарым миллион сомдук зер буюмдар менен кармалды (видео)
Казакстандык дасыккан уурулар Бишкекте жарым миллион сомдук зер буюмдар менен кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Бишкектеги 10-микро райондун тургуну кайрылып, 1-мартта үйүнөн акча жана зер буюмдарды уурдатканын билдирген. Ал адам 428 миң сомдук зыянга учураган.
Бул окуя боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, шектүү катары 2 казак жараны, 37 жаштагы К.Р. жана 35 жаштагы Ш.Д. аттуу адам кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө алардын дагы уурулукка тиешеси бардыгы аныкталган.
Милиция бул адамдар тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендерди жана алардан жапа чеккендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну өтүнөт.
102.
0(703) 333-201
Уурулар кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.