super.kg logo

Өзбекстандын Кыргызстан менен болгон чек арасында контрабанда аныкталып, Андижан Бажысынын башчысы кармалды

 

Коңшу Өзбекстандын Кыргызстан менен болгон чек арасындагы "Андижан" бажысында контрабанда аныкталып, Бажы жетекчиси жана анын эки кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, март айында Андижан облусунун “Дустлик” бажы постунда жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган. Анда документте 5 миң 700 долларлык товар ташылып келе жаткандыгы көрсөтүлгөн. Унаанын жүктөрү бажычыларда күмөн жаратып, алар аны кошумча текшерүүгө Андижан бажы постуна тышкы экономикалык ишмердүүлүк үчүн жөнөтүшкөн.

"Бул жерде эң кызыктуусу башталды. 30-40 мүнөттөн кийин эле жүк бажы кампасынан текшерилбей чыгып кеткен. Мунун баарын Бажы кызматынын ички коопсуздук кызматы көзөмөлдөп турган", - деп айтылат билдирүүдө.

Ыкчам кызматкерлер жүктү Андижандан кармашкан. Унааны кайра кампага алып келип, текшерүү учурунда декларацияланбаган 31 товардын түрү табылган. Жалпысынан каттоодон өтпөгөн жүк 5 миллиард 500 миллион сумга бааланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: