super.kg logo

Баткенде 7500 литр өсүмдүк майын Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

 

Баткенде чек арачылар аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан жүктү аныкташты. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, жүк Тажикстанга жеткирилмек.

Белгилүү болгондой, Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат-Жаштык унаа жолунун "Достук" каналынын боюнда чек ара тозотунун кызматкерлери Мерседес-Бенц унаасын токтотушкан. Аны 1971-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан, жанында 1983-жылы туулган жүргүнчүсү болгон.

"Унааны текшерүү учурунда 1500 даана желим бөтөлкөдөгү (5 литрлик) өсүмдүк майлары бар экени такталган. Жарандар бул жүктү Тажикстанга алып өтүп, андан ары сатмак. Алдын ала маалымат боюнча, жүктүн жалпы баасы 1 миллион сомго жакын.

Тиешелүү материалдар алынгандан кийин жарандар жана алынган жүк компетенттүү органдарга тергөө үчүн өткөрүлдү", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: