Ош. Жалал-Абад шаарында өткөн спорттун каратэ-до WKF түрү боюнча III Эл аралык мелдеште Ош шаарынын спортчулары ийгилик менен кайтышты

Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрынан 24-ноябрына чейин Жалал-Абад облусунда спорттун каратэ-до WKF түрү боюнча III Эл аралык мелдеш болуп өттү. Аталган спорттук иш-чарага коңшулаш Казакстан, Тажикстан Республикаларынан спортчулар келип катышкан. Мелдешке Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Дене тарбия бөлүмүнүн студенттери катышып келишти. Жыйынтыгында Абдижалил уулу Атайбек 1-орунга, Мамазакир уулу Бакыт 2-орунга, Ормон уулу Мурат, Шермахамат уулу Уланбек жана Айбек уулу Жумадылдар 3-орунга ээ болуп, диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.