Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда жарык өчөт
“Түндүк электрдин” басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, бүгүн, 27-ноябрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда жарык өчүрүлөт.
Борбордо "Ош базарынын" айланасындагы көчөлөрдөгү оңдоо иштерине байланыштуу саат 08:00дөн 12:00гө чейин жарык берилбейт.
Ал эми Чүй облусунун Жайыл районундагы Калинин, Новониколаевка, Ысык-Ата районуна караштуу Алмалы, Тогуз-Булак, Серафимовка, Ичке-Суу, Новопокровка айылдарында жол жээктериндеги электр линияларын дарактардын шактарынан тазалоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин жарык өчөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

