super.kg logo
  Саясат  

Учурда Кыргызстанда 13 миңдей мергенчи катталган

 
7-декабрда ЖКда аңчылык жана аңчылык чарбасына байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өттү. Иш-чарага ЖКнын депутаттары, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, аңчылык менен алектенген чарба жүргүзүүчү мекемелердин жана экологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул мыйзам долбоорунун автору Эсенгул Исаков мергенчилик кылуунун жол-жобосун жакшыртуу, сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жок болуп кетүүсүнө тыюу салуу максатында парламенттик угуу өткөрүлүп жаткандыгын билдирди. Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда 13 миңдей мергенчи катталган. Ал эми мергенчилик аймактарынын жалпы аянты өлкө аймагынын 73 пайызын түзөт. Жыйында “Табсин” ишканасынын өкүлү Кемелгазы Ниязов чет элдик аңчылар аркар, кулжалардын 8 жашка чыккандарын атышарын белгилеп, 8 жашка чыккан аркар, кулжаларга аңчылык кылууга уруксат берүү туура деди. Соңунда Депутат Эсенгул Исаков айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен сунушталган мыйзам долбоорлорун 2-окууга алып чыгарын айтты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: