super.kg logo

"Биз общактанбыз". Жалал-Абадда кылмыштуу топтун мүчөлөрү 49 жаштагы жаранды талаага алып барып акча талап кылышкан

 

Жалал-Абадда Өзбек жаранын таалага алып барып 50 миң сом опузалаган факты катталды. Кылмышка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү шериги менен кармалганын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында убактылуу жашап жаткан 49 жаштагы Өзбек жаранын 31-мартта түнкү саат 03:00 чамасында белгисиз адамдар "биз общактанбыз" деп коркутуп, ноутбук жана уюлдук телефонун алып, өзүн унаа менен талаага алып барып уруп, "50 миң сом акча таап бересиң" деп кайра үйүнө таштап кетишкен.

Бул факты боюнча 208-беренеде (опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

"Жогорудагы окуяга шектелип ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы туулган М.А. аттуу тургуну жана анын шериги 1997-жылы туулган Ш.М. кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - дешти милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: