super.kg logo

Бишкекте "батир сатам" деп алдамчылык кылып, издөөдө жүргөн жаран кармалды

 

Бишкекте алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран колго түшүрүлдү. Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кармалган жаран жабырлануучуга 37 миң доллар зыян келтирген.

Маалыматка ылайык, окуя былтыр болгон. Анда К. аттуу жаран шаар тургунуна Аламүдүн-1 кичи районундагы курулушу толук бүтө элек көп кабаттуу үйдөн бир бөлмөлүү эки батирди сатарын айтып, 37 миң доллар каражатын алган. Андан кийин изин жашырып качып жүргөн.

Бул факты боюнча 209-берене (алдамчылык) менен сотко чейинки кылмыш иши ачылган.

"Ушул жылдын 18-февралында шектүү В.К`га издөө жарыяланып, Ленин райондук соту тарабынан сырттан камакка алуу чечими чыккан.

Издөө, тергөө иштеринин жүрүшүндө 30 жаштагы шектүү колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ленин райондук соту тарабынан шектүүнү кармоо мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды.

Бүгүнкү күндө кармалган жарандын үстүнөн дагы бир арыз түшүп, келтирилген материалдык чыгым эсептелүүдө. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш ишине тиешеси бар же жок экенин тактоо иштери жүрүп жатат", - дешет мекемеден.

Эгерде сүрөттөгү адамдан жабыр тарткандар болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (702) 123-321, 0 (707) 252-522, 0 (706) 424-116, 0 (505) 014-015 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: