super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов: "Биз күрөштүн натыйжасында өлкөдө таза жана ачык шайлоо өткөрүүгө жетише алдык"

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женевага болгон жумушчу сапарынын алкагында Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маектешүүдө Кыргыз Республикасы жана БУУнун адам укугу жаатындагы органдары жана механизмдери менен кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Эдил Байсалов сүйлөшүүдө белгилегендей, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк жылдарында эл аралык коомчулуктун жетилген жана жоопкерчиликтүү катышуучусуна айланып, укуктук жана демократиялык мамлекетти курууда чоң жолду басып өттү.

“Элибиз адилетсиздикти кабыл албайт жана эркиндикти материалдык баалуулуктардан жогору коёт. Биз күрөштүн натыйжасында өлкөдө таза жана ачык шайлоо өткөрүүгө жетише алдык. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өз саясатын басымдуу көпчүлүктүн кызыкчылыгы үчүн жана анын колдоосу аркылуу жүргүзгөн демократиялык жана толук легитимдүү бийлик орнотулду. Мунун өзү демократия",- деди ал.

Ошондой эле Эдил Байсалов учурдан пайдаланып, эл аралык укук коргоо коомчулугун тынчсыздандырган учурдагы кырдаалдын айрым маселелери боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү берди.

Өз кезегинде мурда эки жолу Чилинин президенти катары иштеген Мишель Бачелет Кыргыз Республикасында адам укуктарын камсыз кылуу кепилдигин жана механизмдерин ырааттуу чыңдоого мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Атап айтканда, Мишель Бачелет Акыйкатчы институтунун статусун жогорулатуу жана анын ишмердигинин көз карандысыздыгынын кепилдиктерин күчөтүү боюнча министрлер кабинетинин демилгесин колдоорун билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: