super.kg logo

Америка Кошмо Штаттарында эң эски китеп сатылды

 
Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жазылган эң эски китеп 14 миллион доллардан жогору баага сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлашат.
Маалыматка караганда, бул китеп христиан диний китеби болуп эсептелет. Ал 1640-жылы Массачусетс штатындагы Кембридж шаарында басылып чыккан. Ал кезде Америка Кошмо Штаттары жок болуп, бул аймак британиялыктарга колония катары кызмат кылган. Ошондо Кудайга сыйынгандар үчүн диний китеп чыгаруу максатында Англиядан атайын станок алынып келинип, Массачусетсте 1700 китеп басылып чыккан. 
 Уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү күндө бул китептердин 11и гана сакталып калган. Алардын көпчүлүгү ар кыл мекемелердин китепканаларында турат. Учурда анын бир даанасы жеке менчикке өттү.
Кошумчалай кетсек, диний китеп Нью-Йорк шаарындагы Sothebys аукционунда сатылды. Адистердин айтымында, аукциончулар бул китепти 15-30 миллион долларга чейин сатууну пландаган. Сатуучулардын максаты ишке ашпаса да, бул китеп “Эң кымбат сатылган китеп” катары рекорд койду. Буга чейин мындай рекорд Джон Джеймс Одюбондун 1827-1838-жылдары басылып чыккан “Америка канаттуулары” адеген китебине тиешелүү болуп, ал 2010-жылы 11,5 миллион долларга сатылган эле.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.11.2013. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага китеп деп ушуну айт, биз да Айтматовдуг шедеврларын сактап калышыбыз керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: